Кырызстандын Бахрейн менен экономикалык өнөктөштүгү кеңейүүдө
22 апрель

Кырызстандын Бахрейн менен экономикалык өнөктөштүгү кеңейүүдө

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстан менен Бахрейн Падышалыгынын ортосунда экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Документке КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кол койду.

Меморандум эки өлкөнүн соода-экономикалык тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.

Бул келишимдин негизинде кызматташууну тереңдетүү, тажрыйба алмашуу жана эки тараптын туруктуу өнүгүүсүнө жана жыргалчылыгына багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу пландалууда. Меморандумга кол коюу эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.