"Кепилдик фонд" ААКсы: Биздин кызматтарды колдонгон ишкерлердин саны жыл сайын өсүүдө
14 сентябрь

"Кепилдик фонд" ААКсы: Биздин кызматтарды колдонгон ишкерлердин саны жыл сайын өсүүдө

Биздин кызматтарды колдонгон ишкерлердин саны жыл сайын өсүүдө, деп билдирет "Кепилдик фон" ААКсынын басма сөз кызматы. 

Маалыматта айтылгандай, сегиз жылдан бери күрөөгө коюлган мүлктүн жетишсиздигин эске алып, "Кепилдик фонд" ААКсы өлкөдөгү ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттерди алууга кепилдик берип келет.

2016-жылы “Кепилдик фонд” ААКсы түзүлгөндө 900 миң сом өлчөмүндө биринчи кепилдик берилип, 3 миллион сом өлчөмүндө кредит камсыздалган.

2017-жылы "Кепилдик фонд" ААКсы өзүнүн толук кандуу ишмердүүлүгүнүн биринчи жылында Кыргызстандын 230 ишкерине кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, 228 миллион сомдон ашык суммага кепилдик берген, ал эми кредиттердин көлөмү 864 миллион сом ашыкча болгон.

Кийинки эки жылда - 2018 жана 2019-жылдары өлкөнүн бизнесин өнүктүрүүгө 1,58 миллиард сом жана 2,51 миллиард сом алган. Бул кредиттерге 2018-жылы 482 миллион сом, 2019-жылы 780 миллион сом суммада 411 кепилдик берилген.

2020 жана 2021-жылдары ишкерлерге берилген кепилдиктердин саны жана көлөмү дагы бир иретке көбөйдү, 2020-жылы Кепилдик фонд тарабынан 2,9 миллиард сомдон ашык кредиттерге дээрлик 800 миллион сом суммасында 569 кепилдик берилген, ал эми 2021-жылы 1,1 миллиард сомдон ашык суммага 705 кепилдик берилген, кредиттердин суммасы 3,9 миллиарддан ашкан.

2022-жылы “Кепилдик фонд” ААКсынын кызматын 1043 ишкер пайдаланган, алар 1,8 миллиард сомдон ашык суммага кепилдик менен 6,1 миллиард сомдон ашык кредит алышкан.

Өткөн 2023-жылы 4736 ишкердик субъектерине 2,82 миллиард сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлүп, 8,1 миллиард сомдон ашык кредит алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ал эми, 2024-жылдын сегиз айында ишкерлерге 2,22 миллиард сомдук 2312 кепилдик берилди, бул ишкерлерге 6,16 миллиарддан ашык кредиттик ресурстарды алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Келечекте "Кепилдик фонд" ААКсы кепилдиктердин санынын жана суммасынын көрсөткүчтөрү, ошондой эле кепилдик колдоонун алкагында берилген кредиттердин көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт.