Садыр Жапаров ишкерлерди медаль жана наамдар менен сыйлады – тизме
31 январь

Садыр Жапаров ишкерлерди медаль жана наамдар менен сыйлады – тизме

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Абдурахимов Равшан Хамрабаевич - “Салих ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, уюштуруучусу, Аламүдүн району, Чүй облусу;

Майлиева Шайлоогул Дуйшоновна - “Прод Импекс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары;

Малабаева Нургуль Маликовна - “Ак-Куу” ачык акционердик коомунун башкы директору, Сокулук району, Чүй облусу;

Маматов Акылбек Абдимуктарович - “Альфа Ойл” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич - “АЛАЙКУ Органикс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкармасынын төрагасы, уюштуруучусу, Кара-Суу району, Ош облусу;

Кадыров Суюндук Кадырович - “Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Осмонбаев Азамат Рахимжанович - “Альфа” майэкстракция заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” деген ардак наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

Абдрахманов Нурбек Омурбековичке - “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, Панфилов району, Чүй облусу;

Акимжанова Рысгүл Абдыманаповнага - “Бай Элим Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Акунбеков Эрлист Абакировичке - “Бай Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Гайворонский Денис Васильевичке - “Куликовский” кондитердик үйү” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Орумбаев Мырзабек Турганбаевичке - “Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Укубаев Туратбек Галияровичке - “Аталык Групп” жабык акционердик коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Дехтярев Павел Викторович - “Кант цемент заводу” ачык акционердик коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Кочергин Павел Геннадьевич - “Умай Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;

Маматов Кудретилла Абдилазизович - “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык коммерциялык кооперативинин башкы директору, Бишкек шаары;

“КОКА-КОЛА БИШКЕК БОТТЛЕРС” жабык акционердик коому.