Кырсыктын алдын алуу үчүн 10,7 миллион доллар чогултулган
7 октябрь

Кырсыктын алдын алуу үчүн 10,7 миллион доллар чогултулган

Экономика жана коммерция министринин орун басары С.Б. Болотов жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.А. Мазарипов жетектеген кыргыз делегациясы Түштүк Кореяга иш сапары менен барды. Сапар Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) чакыруусу боюнча «Борбордук Азияда сел жана кургакчылыкка каршы инновациялык интеллектуалдык башкаруу ыкмаларын колдонуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун ишке киргизилишин белгилөө максатында өткөрүлдү.

Бул долбоор Кыргызстанда GGGI менен биргеликте башталган биринчи демилге болуп, табигый кырсыктарды алдын алууга багытталган жана 10,7 млн АКШ долларлык инвестиция алган.

Иш-чаранын алкагында Кореянын табигый кырсыктарга каршы күрөшүү жана сууларды интеллектуалдык жана интеграцияланган башкаруу жаатындагы тажрыйбасы көрсөтүлдү, ошондой эле кыргыз делегациясы суу ресурстарын башкаруу объектилерине барып келди.

Мындан тышкары, Сихын шаарынын мэри менен жолугушуу болду. Жолугушуунун алкагында «Акылдуу шаар» системасы жана анын селдердин алдын алуу боюнча компоненти тааныштырылды. Жолугушуу учурунда Сихын шаарынын мэри Бён Тхэк Лим жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары С.Б. Болотов өнүгүү маселелери боюнча кызматташуу жана Сихын шаары менен Кыргызстандын бир шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу макулдашышты.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Корея Республикасынын көмүртектен нейтралдуулук жана жашыл өсүү боюнча Президенттик комиссиясынын теңтөрагасы, Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) директору болуп дайындалган Санг Хёп Ким жана GGGIнин директорунун орун басары Хэлена Маклод менен жолугушуу болду. 

Ким мырза Кыргыз Республикасы Корея үчүн маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн географиялык өзгөчөлүктөрү жана сел көйгөйлөрү окшош экенин айтты. Ошондуктан, табигый кырсыктарды башкаруу боюнча Кореянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болоорун баса белгиледи. Ошондой эле, Ким мырза Корея Өкмөтү GGGIнин ишин жогору баалай турганын жана Бишкекте анын кеңсесинин ачылышына чын жүрөктөн кубанганын билдирди. Мындан сырткары, Ким мырза Кыргызстанда маанилүү минералдарды иштетүү боюнча кызматташууга кызыкдар экенин, бул тармакка Корея Президенти да өзгөчө маани бергенин айтып, бирок биринчи кезекте экологиялык долбоорлорго көңүл буруу керектигин сунуштады. Мындан тышкары, Ким мырза K-Water мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруу системаларын модернизациялоого көмөк көрсөтүү ниетинде экенин айтып, өлкөлөр ортосундагы кызматташуу дагы да күчөйт деп убада берди. Акырында, Ким мырза Кыргызстанга келип, өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө жана кызматташуунун жаңы чөйрөлөрүн изилдөө пландары бар экенин билдирди.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары С.Б. Болотов Корея Республикасы Кыргызстан үчүн маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи. Болотов мырза глобалдык климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен GGGI менен кызматташуу өз учурунда башталганын айтты. Ошону менен бирге, ал KOICA менен экономиканын ар түрдүү секторлорундагы активдүү кызматташтыкты да белгилеп өттү.