2024-жылы Кыргызстандын аймактарында 10 МТС түзүлдү
7 октябрь

2024-жылы Кыргызстандын аймактарында 10 МТС түзүлдү

Такталган маалыматтар боюнча, 2024-жылы республиканын аймактарында 10 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканасы уюшулган, анын 2 муниципалдык жана 8 жеке менчик. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет. 

Ал эми жалпысынан 152 МТС уюшулуп, алардын 55 муниципалдык, 97 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет жана алардын карамагында 3000 ашык ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар.

Мындан сыпткар,  2024-жылы республиканын аймактарында 20 МТС уюштуруу болжолдонууда.