Бекешев: Биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар жарандар үчүн киреше салыгы 10% дан 5% га чейин төмөндөтүлдү
Депутат Дастан Бекешев ишкерлер, муниципалдык жана мамлекеттик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп, анда майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселеси талкууланды. Жолугушууда ошондой эле иш менен камсыз кылуу жаатында өзгөчө муктаж болгон адамдарды колдоого багытталган мыйзамдардагы маанилүү өзгөртүүлөр айтылды.
Дастан Бекешев Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тарта майыптыгы бар адамдарга салык салууга байланышкан өзгөртүүлөр күчүнө киргенин билдирип: «Биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар жарандар үчүн киреше салыгы 10% дан 5% га чейин төмөндөтүлдү. Ал эми үчүнчү топтогу угуусу начар майыптарга салыктын ставкасы төмөндөтүлдү. Мындан тышкары, уюлдук байланыш, банк иши жана интернет-провайдерлер сыяктуу тармактарды кошпогондо, Социалдык фондго чегерүүлөр 3,25% га чейин төмөндөтүлдү», – деди.
Эл өкүлү кызматкерлердин санына жараша компаниялар белгилүү сандагы майыптарды жумушка орноштурушу керектигин баса белгиледи. Ага ылайык кызматкерлердин саны 25тен 49га чейин болсо – 1 майып, 50дөн 74кө чейин – 2 майып, 100дөн 124кө чейин – 4 майып болууга тийиш.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова Кыргызстанда жумушка орноштуруу үчүн атайын сайт бар экенин, анда иш берүүчүлөр квалификациялуу кызматкерлерди, анын ичинде майыптардын арасынан таба аларын билдирди.
Иш-чарада мындан тышкары майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу тармагында жигердүү иш алып барган компаниялардын өкүлдөрү мындай кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча өз тажрыйбалары жана сунуштары менен бөлүшүштү. Ошондой эле алар мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирип, майыптарды жумушка орноштуруу программаларын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен байланышты жакшыртуу зарылдыгына токтолушту.
Соңунда катышуучулар бул жолугушуу майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүдөгү маанилүү кадам болгонун жана аларды өлкөнүн эмгек рыногуна интеграциялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгилешти.
