Өлкө боюнча түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар дан эгини жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү.
Быйыл түшүмдүүлүк да жогорулап, орточо көрсөткүч гектарына 27,6 центнерди түзүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 24,8 центнер болгон.
Айрыкча буудайдан жакшы түшүм алынды — 205,7 миң гектар жыйналып, 617,5 миң тонна буудай кампага түштү.
Аймактар боюнча Чүй облусу алдыда — 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда 204 миң тонна дан жыйналды.
Мындан тышкары, өлкөдө жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери да уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин 363,2 миң тонна жашылча, 178,5 миң тонна картошка жана 83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды.
Түшүм жыйноо иштери бардык аймактарда улантылууда.
