Кыргызстандын катышуусу менен Кытайда ири көзөмөлдөөчү кампа ачылды
Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округуна караштуу Улуучат ооданында ири көзөмөлдөөчү кампанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Бул кампаны кыргызстандык «Бай Дыйкан» ЖЧКсы менен Кытай мамлекеттик корпорациясы биргеликте куруп, жалпы аянты 13 гектарды түздү. Анын 7,6 гектары курулуштарга пайдаланылып, долбоорго жумшалган инвестиция 8,3 миллион АКШ долларын түзөт.
Логистикалык түйүн «Торугарт» жана «Эркечтам» чек ара өткөрмө пункттары аркылуу өткөн жүктөрдүн агымын жөнгө салып, Кытайдын «Иркештам» кургак порту менен байланыштырат. Бул жүк ташууга кеткен чыгымдарды азайтып, бажы тариздөөнү тездетип, товарларды сактоо жана бөлүштүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратат.
Кампада заманбап фитосанитардык жана карантиндик лаборатория, Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын уруксаты менен иштеген складдар менен ангарлар, кошумча текшерүүгө муктаж товарлар үчүн карантиндик зона, бажы процедуралары жүргүзүлө турган посттор, ошондой эле продукцияны кайра иштетүү жана таңгактоо үчүн атайын бөлүнгөн зоналар бар.
Мындан тышкары, административдик жана кеңсе имараттары, унаа токтотуучу жайлар, жүктөрдү түшүрүү аянтчалары, коопсуздук системасы иштейт.
Көзөмөлдөөчү кампанын ишке кириши кыргыз фермерлерине Кытай рыногуна тоскоолдуксуз чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн жогорулатып, фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Учурда Кыргызстандан Кытайга негизинен бакча өсүмдүктөрү, жүгөрү жана буудай экспорттолууда. Жакынкы аралыкта агроөнөржай продукциясынын башка түрлөрүн да Кытайга жөнөтүү пландалууда.
