Кыргызстанда кийим өндүрүү боюнча 295 ишкана катталган
13 сентябрь

Кыргызстанда кийим өндүрүү боюнча 295 ишкана катталган

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында статистикалык байкоого алынган кийим өндүрүү боюнча 295 ишкана иш алып барууда. Бул тууралуу реалдуу сектордогу ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча бюллетенде айтылат.

Кеңири категория — текстиль өндүрүшү, кийим, бут кийим, тери жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү тармагын кошкондо, ишканалардын саны 496га жетет.

Алардын ичинен 172си текстиль өндүрүү, 295и кийим тигүү, 29у тери, булгаарыдан жасалган буюмдар жана бут кийим өндүрүү менен алектенет.

Кийим өндүрүү боюнча ишканалардын эң көбү Бишкек шаарында — 226.

Чүй облусунда 36, Ысык-Көл облусунда 11, Жалал-Абад облусунда тогуз, Ош облусунда беш, Ош шаарында төрт ишкана катталган.