Оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпысынан 2 миңге жакын комбайн тартылды
3 сентябрь

Оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпысынан 2 миңге жакын комбайн тартылды

2024-жылы республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына жалпы 1950 дан комбайндын 1453 тартылып, өнөктүккө катышты.

Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмүнүн жогору болгондугуна байланыштуу Министрликтин кызматкерлери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте оруп-жыюу өнөктүгүндө комбайндарды дан эгиндеринин бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштерин жүргүзүштү.

Оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 150 дан комбайндары тартылып, өнөктүк өз нугунда жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктады.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400 ашык дан комбайндары катышты, анын ичинен 100 жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылган.

2024-жылы 1 комбайнга туура келүүчү жумуштун көлөмү 253,4 гектарды түздү.

Азыркы мезгилде Ысык-Көл, Нарын облустарында оруп-жыюу өнөктүгү жүрүүдө. Сентябрь айынын биринчи декадасында Суусамыр өрөөнүндө башталып, өтүп бараткан жылдын октябрь айында жыйынтыкталаары болжолдонууда.