1-ноябрдан баштап электрондук соода платформалары ЭТТКны колдонууга милдеттүү
2 сентябрь

1-ноябрдан баштап электрондук соода платформалары ЭТТКны колдонууга милдеттүү

Мында, электрондук соода платформасын берген субъекттерге товарларды жеткирүүнү ишке ашырган субъекттер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ЭТТКны тариздөөдөн бошотулган, бирок ЭТТК системасында "Эсептен чыгаруу" операциясын аткарууга милдеттүү.

Ошондой эле ЭТТКны колдонуу жана түзүү тартибиндеги жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер салык органынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган электрондук соода платформасында товарларды сатууда ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат.

Бул бошотуу товарларды электрондук соода платформалары аркылуу калкка, соода платформасынын операторуна сатууда, ошондой эле экспорттоодо колдонулат.

Буга байланыштуу Салык кызматы соода платформаларын Салык кызматынын маалыматтык системасы менен интеграциялоого чакырат.