Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээлейт
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Аппараттык жыйында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Министрлер кабинетинин башчысы алдын ала баалоолор боюнча, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 960,0 млрд сомду түзгөнүн, ал эми реалдуу өсүү темпи 11,9% жеткенин белгиледи.
«Кыргыз Республикасы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээлейт. Өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымы менен камсыз кылынат. Курулуш тармагы 69,6% өстү, тейлөө чөйрөсү – 6,0%, айыл чарба – 4,3%. Өнөр жайда өсүү 12,8% түздү. Төмөнкү тармактарда эң жогорку темптер катталды: химиялык продукцияны өндүрүү – 2,9 эсе; фармацевтикалык продукцияны өндүрүү – 1,8 эсе; транспорт каражаттарын өндүрүү – 40,7%; курулуш материалдарын өндүрүү – 33,4%; негизги металлдарды өндүрүү – 11,9%; тамак-аш азыктарын өндүрүү – 8,2%; кен байлыктарды казып алуу – 12,8%. Бул экономиканын өнүгүүсүндө абдан позитивдүү динамиканы көрсөтүп турат», – деди Адылбек Касымалиев.
Анын айтымында, жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи да жогорулап жатат. Алардын көлөмү 204,4 млрд сомду түзүп, 64,3% көбөйдү. 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү ички каржылоо булактарынын 1,5 эсе жана тышкы булактардын 3,2 эсе өсүшүнүн эсебинен камсыз болду.
Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле 2026-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454 миллиард 251,8 миллион сомду түзгөнүн, бул пландалган көрсөткүчтөн 22 миллиард 652,7 миллион сомго ашканын белгиледи. План 105,3% аткарылды.
Мамлекеттик салык кызматынын кирешеси 191 миллиард 620,0 миллион сомду түздү, бул пландан 7 миллиард 442,7 миллион сомго көп. План 104,0% аткарылды.
Мамлекеттик бажы кызматынын кирешеси 87 миллиард 380,4 миллион сомду түздү, бул пландан 4 миллиард 385,8 миллион сомго жогору. План 105,3% аткарылды. Адылбек Касымалиев иштин жогорку темпин сактап калуу зарылчылыгын баса белгиледи.
