Кыргызстан тамекисиз кальян продукцияларына акциздик салык киргизүүнү пландап жатат
сүрөт: depositphotos.com
24 сентябрь

Кыргызстан тамекисиз кальян продукцияларына акциздик салык киргизүүнү пландап жатат

Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Анда кальян үчүн колдонулган тамекисиз продукцияга акциз киргизүү каралган.

Тиешелүү өзгөртүүлөр Салык кодексинин 336-беренесине сунушталууда.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, рынокто курамында тамеки чийки заты жок, бирок багыты жана колдонуу ыкмасы боюнча тамеки камтылган кальян продукциясына альтернатива болгон товарлар таралууда.

Учурда мындай продукцияны өзүнчө жөнгө салуунун жоктугу товарлардын салыктык жүгүн айырмалап келет.

Долбоордун авторлорунун пикиринде, акциз киргизүү окшош продукцияларга салык салууда бирдей мамилени камсыздап, товардын курамын салыктык милдеттенмелерди азайтуу максатында гана өзгөртүү учурларын болтурбоого мүмкүндүк берет.