Мамлекеттик каржы холдинги банктарга 200 млн сомду депозитке жайгаштырат
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
2 сентябрь

Мамлекеттик каржы холдинги банктарга 200 млн сомду депозитке жайгаштырат

«Мамлекеттик каржы холдинги» ААК Кыргызстандын мамлекеттик жана коммерциялык банктарындагы депозиттерге улуттук валютадагы каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукцион жарыялады.

Аукцион 2026-жылдын 3-сентябрында өтөт.

Жайгаштырыла турган каражаттардын жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт.

Каражаттарды 24 айга жайгаштыруу пландалууда.

Депозит боюнча баштапкы пайыздык чен жылдык 13,5% өлчөмүндө белгиленди.