7 айда таак-аш өнөр жай ишканалары 60 млрд сомдон ашуун продукия чыгарышты
16 август

7 айда таак-аш өнөр жай ишканалары 60 млрд сомдон ашуун продукия чыгарышты

2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагында туруктуу оң динамика сакталууда.

Эсептик мезгилде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын чыгаруу кирген тамак-аш өнөр жайынын ишканаларынын үлүшү өлкөнүн кайра иштетүүчү өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 20,9 %ын түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь–июль айларында тамак-аш өнөр жайынын ишканалары учурдагы бааларда 60 млрд 164 млн 400 миң сомдук продукция чыгарышты. Физикалык көлөмдүн индекси 149%ды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмүнүн кыйла өскөнүн көрсөтүүдө.

Салыштырмалуу: 2024-жылдын январь–июль айларында өндүрүш көлөмү 47 млрд 143 млн 300 миң сомду, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 118,5 %ды түзгөн.

Бул көрсөткүчтөр тармактын туруктуу өнүгүүсүн, өндүрүштүк активдүүлүктүн өсүшүн жана тамак-аш өнөр жайынын өлкө экономикасындагы ордун чыңдоону тастыктайт. Мындай динамика өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө гана эмес, улуттук кайра иштетүүчү өнөр жайдын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө да өбөлгө түзөт.