Кыргызстан дүйнөнүн 156 өлкөсү менен соода жүргүзөт
Кыргызстан 2023-жылы дүйнөнүн 156 өлкөсү менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзгөн, деп маалымдайт Улуттук статистика комитети.
Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү:
Кытай (5 433,7 млн. АКШ доллары, бул жалпы соода жүгүртүүнүн 34,2 пайызын түздү),
- Россия (соода жүгүртүү 3 106,6 млн. доллар же 19,5%),
- Казакстан (1 371,4 млн. доллар же 8,6%),
- Өзбекстан (694,0 млн. доллар же 4,3%),
- Түркия (606,5 млн. доллар же 3,8%),
- Германия (429,5 млн. доллар же 2,7%).
Аны менен катар 2022-жылга салыштырмалуу КМШдан тышкаркы өлкөлөр менен соода жүргүзүүнүн көлөмү 1,6 пайызга өскөндүгү байкалган (анын ичинде экспорт - 3,6 эсеге, импорт - 43,9%) ошол эле кезде КМШ өлкөлөрү менен сооданын көлөмү 1,7% төмөндөгөн.
