Кыргыз Республикасынын Финансы министри ЕРӨБ жетекчилиги менен жолугушту
2026-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча ЕРӨБдүн аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕРӨБдүн учурдагы долбоорлорун ишке ашыруу, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, алкактык макулдашууну илгерилетүү, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору, ошондой эле ЕРӨБдүн Кыргызстандагы ишмердигинин укуктук негиздерине байланыштуу маселелер талкууланды.
Өзгөчө көңүл иштеп жаткан долбоорлорду тездетүүгө, сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүүгө жана каражаттарды натыйжалуу өздөштүрүүгө бурулду.
Тараптар Алкактык макулдашууну мындан ары илгерилетүү маселесин талкуулап, аны 2026-жылдын аягына чейин кол коюуга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору өзүнчө талкууланды. Кыргыз тарап ЕРӨБдүн долбоорду каржылоого катышуусуна кызыкдар экенин билдирип, техникалык жана гранттык колдоо боюнча иштерди баштоону сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана суу менен камсыздоо, энергетика жана инфраструктура тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Кыргыз Республикасы ЕРӨБдүн колдоосун жогору баалай турганын жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, кызматташтыкты кеңейтүү менен катар учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду тездетүү да маанилүү. Ал биргелешкен аракеттер конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
