Ош шаары 2026-жылдын I кварталын былтыркыга салыштырмалуу 48,6% өсүш менен жапты
4 апрель

Ош шаары 2026-жылдын I кварталын былтыркыга салыштырмалуу 48,6% өсүш менен жапты

Ош шаары 2026-жылдын биринчи кварталын туруктуу өсүш менен жапты.

Мэриядан кабарлашкандай, жалпы киреше 993,7 млн сомду түздү.

2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу шаардын кирешелери 48,6%га өсүп, ал эми 2024-жылга салыштырганда 481 млн сомго көбөйдү.

Ошентип финансылык көрсөткүчтөр экономикалык активдүүлүктүн жанданышын, салыктык тартиптин бекемделишин жана шаардык башкаруунун натыйжалуулугун көрсөтүүдө.