Тигүүчүлөргө нөл пайыздык жеңилдик берилет: Ысабеков тигүү тармагы өнүгүп жатканын айтты
28 июль

Тигүүчүлөргө нөл пайыздык жеңилдик берилет: Ысабеков тигүү тармагы өнүгүп жатканын айтты

Кыргызстанда тигүү тармагы банкротко учурап, тигүүчүлөр кыйналууда деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, акыркы жылдары тигүү тармагына мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер берилген. Учурда жеңилдиктерди дагы да кеңейтүү маселелери каралууда. 

“Бизде тигүү тармагына 0,25 пайыз бирдиктүү салык бекитилген. Бул абдан төмөндөтүлгөн ставка. Тигүү тармагы абдан чоң тармак, анда өтө көп жумушчулар иштейт. Бул экономикалык эле эмес, социалдык да маселе. Ошого өз убагында колдоо катары ушундай ставка белгиленген. Учурда тармак кандайдыр бир оор акыбалга кириптер болуп калган болсо, жардам болсун деп жыл соңуна чейин ставканы нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатабыз. Тигүү тармагынын өкүлдөрү 1-2жыл деп суранышты, бирок биз азырынча жыл соңуна чейин гана байкап көрүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Андан ары эл аралык абалды, өзүбүздүн абалды карап көрүп, балким узартабыз”, – деди Ысабеков.

Айтымында, маркетплейстердеги селлерлер 2 пайыз бирдиктүү салык төлөшөт, бул жеке акча жүгүртүү көлөмүнө жараша. Аны да нөлгө түшүрүү сунушталууда. Бул дагы 2026-жылдын соңуна чейин. Ысабеков белгилегендей, тигүү тармак менен селлерлер бири бирине байланышкан жана акыркы жылдары маркетплейс жаатында иштегендердин катары көбөйүүдө.

Мисалы, анын айтымында, 2024-жылы маркетплейстерде иштеп, электрондук эсеп фактурасын толтургандардын саны 635, ал эми алар төлөгөн салыктын суммасы 570 миллион сом болсо, 2025-жылы саны 2 630га көбөйүп, салыктын суммасы 1 миллиард 532 миллионго жеткен. 2026-жылы 4 041 селлер иштөөдө.

“Россия Федерациясы экспортко чектөө киргизгенден кийин тигүү тармагы кыйналууда деген маалыматтар көбөйдү. Мен буга макул эмесмин. Анткени жылдан жылга көрсөткүчтөр көбөйүүдө. Балким, көйгөйлүү темаларды козгоп, тигүү тармагы банкрот болуп жатат деген имиштерди атайын чыгарышы мүмкүн. Бирок цифра менен караганда, тескерисинче, көбөйүп жатат. Канча тигүү цехи жабылды дегендерге айтаарым: 2025-жылы тигүү тармагында иштегендердин саны 7 482 болчу, быйыл 6 айдын жыйынтыгы менен 18 545 тигүүчү иштеп жатат. Аларга көп жеңилдиктер берилди: киреше салыгын 10 пайыздан 1 пайызга түшүрдүк, ал дагы так айлыктан эмес, орточо айлык эсебинен алынат. Мисалы, тигүүчү айына 70-80 миң сом тапса, а Кыргызстанда бүгүнкү күндө орточо айлык 45 миң сомдун тегерегинде каралат, ошондо 80 миң сомдун эмес, 45 миң сомдун 10 пайызы – 450 сом кармалат. Камсыздандыруу төлөмү – 2,5 миң сом. Бул кийин түз пенсиясына кетчү сумма”, – деди төраганын орун басары.