Адылбек Касымалиев Эксим банктын президенти менен кызматташуунун келечегин талкуулады
Министрлер кабинети
15 апрель

Адылбек Касымалиев Эксим банктын президенти менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эксим банктын (EXIM Bank) президенти жана төрагасы Джон Йованович менен жолукту. Жолугушуу Вашингтондо Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу каржылык кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Эксим банктын жетекчилиги менен Кыргызстандын учурдагы экономикалык өнүгүүсү жана өлкөнүн акыркы беш жылдагы жетишкендиктери тууралуу маектешти.

Өз кезегинде Джон Йованович Кыргыз Республикасынын МинКаб төрагасына Эксим банктын негизги ишмердүүлүгү, анын АКШнын финансылык-кредиттик саясатындагы ролу жана орду тууралуу маалымат берип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча конструктивдүү диалогду улантууга макулдашышты.