Кыргызстанда туристтер үчүн калпак жана боз үй өндүрүү азайды
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
20 август

Кыргызстанда туристтер үчүн калпак жана боз үй өндүрүү азайды

Кыргызстандын өнөр жай ишканалары 2025-жылы туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн товарларды 4,9 млрд сомго өндүрүшкөн.

Бул 2024-жылга салыштырмалуу 26,7 пайызга көп. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Кыргызстандагы туризм 2021–2025» аттуу статистикалык жыйнагында айтылат.

Өндүрүштүн негизги бөлүгүн минералдык суулар жана улуттук суусундуктар түзгөн. Алардын жалпы көлөмү 4,5 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 30,5 пайызга өскөн.

Спорттук-туристтик инвентарларды өндүрүү 6,4 пайызга көбөйгөн. Атап айтканда, ат жабдыктарын, чемодандарды, жол сумкаларын жана ушул сыяктуу продукцияларды чыгаруу өскөн.

Ошол эле учурда элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү 5,9 пайызга кыскарган. Улуттук статистика комитети төмөндөөнү эркектердин улуттук калпактарын жана боз үйлөрдү өндүрүүнүн азайышы менен байланыштырган.