АБАНК ФОТП–2 программасын ишке киргизди – өлкөдө агроөндүрүүчүлөр жана кооперацияларды колдоого 500 миллион сом бөлүндү
4 апрель

АБАНК ФОТП–2 программасын ишке киргизди – өлкөдө агроөндүрүүчүлөр жана кооперацияларды колдоого 500 миллион сом бөлүндү

«АБанк» ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган жаңы «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2» (ФОТП–2) лизингдик продуктусун ишке киргизгенин жарыялады. Дыйкан, фермерлерди колдоо үчүн 500 миллион сом бөлүндү.

Бул продукт биргелешип иш алып барган чарба субъектилерине – айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. 

ФОТП–2 үч негизги багытты камтыйт:

• Мал чарбачылыгы – ири жана майда малды, канаттууларды багуу, аарычылык жана балык чарбачылыгы менен алектенген бириккен чарбаларга каржылоо берилет. Ошондой эле тоют даярдоо жана кайра иштетүү колдоого алынат.
• Өсүмдүк өстүрүү – каражаттар дан, буурчак, техникалык, жашылча-бакча өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана тоют базасын өстүрүүгө багытталат. Каржылоо үрөн, жер семирткич, өсүмдүктү коргоо каражаттары жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга колдонулушу мүмкүн.
• Жогорку натыйжалуу технологиялар – заманбап чечимдерди киргизүүгө колдоо: тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары, ошондой эле күнөскана чарбаларын өнүктүрүү. Бул түшүмдүүлүктү жогорулатып, чыгымдарды азайтат.
Программанын шарттары:
• каржылоо суммасы – мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн 25 млн сомго чейин, технологиялык долбоорлор үчүн 50 млн сомго чейин;
• валюта – сом;
• пайыздык чен – жылдык 6% (салыктарды кошкондо);
• мөөнөтү – 60 айга чейин;
• жеңилдетилген мезгил – пайыздар боюнча 3 айга чейин, негизги карыз боюнча 6 айга чейин (айрым багыттарда пайыздар боюнча 6 айга чейин).

Банктын Башкармалыгынын төрагасы белгилегендей, бүгүнкү күндө агрардык сектор кооперацияга, биргелешкен инвестицияларга жана заманбап технологияларга жетүүгө муктаж. ФОТП–2 программасы ишкерлерге бизнести жөн гана колдобостон, аны кеңейтүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.