Кыргызстан Россияда, Кытайда жана Индияда туризм боюнча элчилерин дайындады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик негизги чет өлкөлүк туристтик рыноктордо өзүнүн коомдук өкүлдөрү — туризм элчилери дайындалганын маалымдайт.
Бул кадам Кыргызстандын эл аралык байланыштарын бекемдөөгө, өлкөнүн туристтик брендинин таанымалдыгын жогорулатууга жана чет өлкөлөрдөн жаңы туристтерди тартууга багытталган.
Агенттиктин чечими менен коомдук өкүлдөр — туризм элчилери катары төмөнкү жарандар дайындалды:
* Чэн Мин — Кытай Эл Республикасында;
* Калыбек уулу Бектурган — Индия Республикасында;
* Михаил Слязин — Россия Федерациясында.
Туризм элчилеринин негизги милдеттери — Кыргызстандын туристтик потенциалын чет өлкөлөрдө кеңири таанытуу, эл аралык туристтик көргөзмөлөрдө жана тармактык иш-чараларда Агенттиктин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөктөшүү. Ошондой эле алар кыргызстандык туроператорлор менен чет өлкөлүк туристтик компаниялардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот.
Россия, Кытай жана Индия Кыргызстандын туризм тармагы үчүн ири жана стратегиялык мааниге ээ туристтик рыноктор болуп саналат.
