Данияр Амангелдиев ТМУнун Башкы катчысы менен уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында соода-экономикалык маселелерди талкуулады
30 январь

Данияр Амангелдиев ТМУнун Башкы катчысы менен уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту.  
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулашты жана Мамлекет башчылары тарабынан буга чейин коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.  
 
Тараптар ошондой эле 2025-жылга карата аймактагы экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган пландарды талкуулашты.