Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады
30 январь

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады

Республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады, деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын аягында 599,5 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 2,1 миллион тонна дан бастырылды (тазалангандан кийинки салмак боюнча буурчак, күрүч жана гречканы кошпогондо), бул өткөн жылга салыштырмалуу 28,4%га көп. Дан эгиндеринин орточо тушүмдүүлүгү гектарына 35 центнерге жакын болду.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы - 59,9%, буудайдын - 51,0%, кант кызылчасынын - 54,2%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн - 24,1% жана бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы - 19,1% га өскөн. Өндүрүштүн өсүшү арпанын — 8,9 центнерге, буудайдын — 8,6га, кант кызылчасынын — 237,1ге ,бакча өсүмдүктөрүнүн — 19,1 жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн – 5,5 центнерге түшүмдүүлүктүн жогорулашы менен байланыштуу.

Муну менен катар, өткөн жылга салыштырмалуу тамекинин - 32,9%, пахтанын - 27%, картошканын - 7,5% дүң жыйымы азайган. Дүң түшүмдүн азайышы, 2024 - жылдын түшүмү үчүн айдоо аянттарынын тамеки - 42,0%, пахта - 26,9%, картошка – 8,4% га төмөндөшү менен шартталган.