Чүй: Ак-Суу капчыгайы үчүн ири курорттук комплекстин долбоору иштелип чыкты
16 июль

Чүй: Ак-Суу капчыгайы үчүн ири курорттук комплекстин долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан инвестицияларды тартуу жана аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында Москва районунун Ак-Суу капчыгайында жайгаштыруу сунушталган курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Долбоор деңиз деңгээлинен болжол менен 2 000 метр бийиктикте жайгашып, 200 орунга ылайыкталган көп функционалдуу мейманкана комплексинин курулушун камтыйт. Долбоорго ылайык, комплекстин курамында үч мейманкана корпусу, төрт апарт-отель корпусу, тогуз өзүнчө коттедж, тогуз конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс, универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы менен заманбап спа-борбор каралган.

Тоолуу аймакта жайгашкан мындай масштабдуу объектти долбоорлоо рельефтин өзгөчөлүктөрүн, климаттык шарттарды, инженердик инфраструктуранын талаптарын, ошондой эле курулуш объекттеринин жаратылыш ландшафты менен шайкеш айкалышын комплекстүү эске алууну талап кылат.

Аталган долбоор Ак-Суу капчыгайынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, ошондой эле заманбап, экологиялык талаптарга жооп берген эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.