Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдөгү азык-түлүккө болгон салыштырмалуу баалар белгилүү болду
17 март

Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдөгү азык-түлүккө болгон салыштырмалуу баалар белгилүү болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан өткөн жумага карата Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктыларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү.

Мониторингтин жыйынтыгында Кыргыз Республикасында каймак май 0,2%, уй эти 1,2 %, кой эти 0,3%, картошка 0,8%, сабиз 0,5% жогоруласа, пияздын баасы 4,1% төмөндөгөнү байкалган. 

Ал эми Казакстан Республикасында жумуртка 0,2%, картошка 0,2%, уй эти 0,1%, жогорууласа, 1-сорттогу буудай уну 4,8% төмөндөгөнү байкалды.

Орусия Федерациясында пастерленген сүт 0,2%, макарон азыктары 0,2%, сабиз 0,6 %, пияз 0,6% жогорууласа, 1-сорттогу буудай уну 1,5% төмөндөгөнү аныкталды.