МКС төрагасы: Зергерлерге жеңилдик берилгенден кийин кампаларга катылган 16 миллиард сомдук алтын ачыкка чыкты
3 апрель

МКС төрагасы: Зергерлерге жеңилдик берилгенден кийин кампаларга катылган 16 миллиард сомдук алтын ачыкка чыкты

Кыргызстанда зергерлерге бир топ жеңилдик берилди жана анын шарапаты менен көмүскө иштеп келгендер ачыкка чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. 

Айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бир катар жеңилдиктер каралган. 

“Президент айтты: “Өзүбүздөн алтын чыгат, аны чийки зат катары сатабыз. Бирок алтын буюмдарын жасоодо Түркия, Тайвандан артта калуудабыз, эмнеге атаандаштык жарата албайбыз? Дүйнөлүк рынокто алтын наркынын лондондук фиксинги бар, ошондон 2 пайызга арзан кылып биздин зергерлерге чийки зат бергиле. Акчаны алты ай доолабагыла, иштетип, сатып, киреше көрүшсүн”, – деди”, – дейт Шыкмаматов. 

Ал белгилегендей, зергерлерге жеңилдетилген кредит берүү жана 0,25 пайыз салык белгилөө да президенттин тапшырмасы болгон. Булардын артында мамлекет алтын буюмдарын жасоодо атаандаштык жөндөмүнө жетишүү максатын көздөйт. 

Шыкмаматов жеңилдиктер зергерлерди ачык иштөөгө түрткөнүн жана анын жыйынтыгында кампаларына бекиткен алтындарын “стол үстүнө” коюшканын, алардын жалпы суммасы 16 миллиард сомго жеткенин кошумчалады. 

“Биз айттым: 2 пайыз арзандатуу - ачык иштегендерге, жеңилдетилген кредит – ачык иштегендерге, 0,25 пайыз салык – ачык иштегендерге. Анан алар каткан алтындарын алып чыгышты. Эми баары салык төлөп башташты. Чогултулчу салыктын 100 миллиону зергерлер тарабынан түшөт”, – деди ал.