Чүйдө айнек продукциясын өндүрүүчү жаңы ишкана ишке керет: жумуш орун түзүлөт
20 август

Чүйдө айнек продукциясын өндүрүүчү жаңы ишкана ишке керет: жумуш орун түзүлөт

Чүй облусунда жайгашкан айнек продукциясын өндүрүүчү «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы август айынын аягында ишке киргизилет.

Аталган ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, өндүрүш кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метрди, жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукцияны өндүршү күтүлүүдө.

Ишканада айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер өндүрүлөт.

Долбоор ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга, импорттук материалдарга болгон көз карандылыкты азайтууга жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Ошондой эле жаңы ишкананын ачылышы 300 жаңы жумуш ордун түзүүгө, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана Чүй облусунда өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.