Кыргызстан тыштан жумуртка ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизет
9 апрель

Кыргызстан тыштан жумуртка ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) 6 айга чектөө киргизүүнү караштырууда. 

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү жана импорттук продукцияга болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулайт. Бул чара тышкы жеткирүүлөрдөн көз карандылыкты олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет.

"Себеби, ата мекендик өндүрүштү колдоо жана кеңейтүү импортту алмаштыруу ишинде маанилүү кадам болуп калат. Буга байланыштуу Министрлик өлкөдө канаттуулар чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иштерди алып барып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде ата мекендик фабрикалардын тоок жумурткаларын өндүрүү кубаттуулугу артты. Натыйжада, тыштан ташылган жумуртканын көлөмү азайып акыркы үч айда 1 млн. 836 миң даана болсо, экспорт 8 млн. 800 миң даанага жетип көбөйдү.