Мамлекеттик бажы кызматында Кытай менен чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү талкуулады
17 март

Мамлекеттик бажы кызматында Кытай менен чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү талкуулады

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында 14-мартта бажы башкаруу чөйрөсүндө Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу кызматташуусунун маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев, КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Алимбаев А.К. жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин катышты.

Жолугушууда төмөнкүлөр талкууланды:

1. Бажы жана чек ара кызматтарын өнүктүрүү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы өткөрүү пункттарындагы бажы жол-жоболорун тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган реформалар каралды.

2. «Смарт бажы» системасын киргизүү

Бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы автоматташтырылган система сунушталды.

3. «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрүү пункттарын модернизациялоо

Инфраструктураны жакшыртуу жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча пландар талкууланды.

4. Бедел өткөрүү пунктун өнүктүрүү

Соода үчүн стратегиялык маанисин эске алуу менен анын ишин жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдар каралды.

Тараптар мындан аркы кызматташууга, инфраструктураны модернизациялоого жана бажы жана чек ара өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга кызыкдар экендигин билдиришти.