Кыргызстанга Ирандан келген 22 тонна нектарин маркировкасы жок болгондуктан киргизилген жок
20 август

Кыргызстанга Ирандан келген 22 тонна нектарин маркировкасы жок болгондуктан киргизилген жок

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» фитосанитардык контролдук постунда Иран Ислам Республикасынан Кыргыз Республикасына импорттолуп келген 22 тонна нектаринге фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө импорттолгон продукциянын таңгагында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталды.

Белгилей кетсек, карантинге алынуучу продукцияны тиешелүү маркировкасыз Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу 22 тонна нектарин Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.