Кара-Сууда аянты 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
9 апрель

Кара-Сууда аянты 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана аны мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мурдагы “Кара-Суу канаттуулар фабрикасынын” аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен мурда “Кара-Суу канаттуулар фабрикасына” тиешелүү болгон жалпы аянты 10 гектар жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүүгө шарт түзгөндүгү такталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.

Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.