МСК: 2025-жылдын 1-мартынан тартып жеңил өнөр жай товарлары РФнын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-мартынан тартып Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси жаңы позициялар менен кеңейтилээрин маалымдайт.
Ата мекендик экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр аталган жеңил өнөр жай товарларын маркалоосу зарыл.
Жаңы товардык топтор үчүн маркалоонун коддорун алуу үчүн Кыргыз Республикасынын товарларын маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн Улуттук оператору "Альфа Телеком" ЖАКка кайрылуу керек.
Main.teksher.kg сайтындагы "Текшер" маалыматтык системасы аркылуу маркалоо оператору менен келишим түзүп, продукцияны товарлар каталогуна каттоо керек.
Алынган маркалоо коддору продукциянын көрсөтүлгөн түрлөрүн Россия Федерациясына экспорттоого мүмкүндүк берет.
Маркалоо коддорун алуу жөнүндө толук маалыматты main.teksher.kg сайтынан же 0999 333 999 номери аркылуу алууга болот.
|
ТЭИ ТН |
Продукциянын аталышы |
|
4203 21 000 0 4203 29 |
Табигый же композициялык териден жасалган мээлейлер, кол каптар жана башы ачык мээлейлер |
|
6107 |
Дамбалдар, ич кийимдер, ич көйнөктөр, пижамалар, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ушул сыяктуу машинада же колго токулган эркектер же балдар үчүн трикотаж буюмдары |
|
6108 |
Комбинациялар, ички юбкалар, ич кийимдер, ыштандар, ич көйнөктөр, пижамалар, пеньюарлар, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ушул сыяктуу машинада же колго токулган аялдар же кыздар үчүн трикотаж буюмдары |
|
6109 |
Машинада же колго токулган трикотаж майкалар, жеңдүү фуфайкалар жана башка ички фуфайкалар |
|
6111 |
Машинада же колго токулган балдардын кийимдери жана балдардын кийимдерине керектүү буюмдар |
|
6112 31 |
Синтетикалык жиптен машинада же колго токулган эркектер жана балдар үчүн сууга түшүүчү кийимдер |
|
6112 39 |
Башка текстиль материалдарынан машинада же колго токулган эркектер же балдар үчүн сууга түшүүчү кийимдер |
|
6112 41 |
Синтетикалык жиптерден машинада же колго токулган аялдар же кыздар үчүн сууга түшүүчү костюмдар |
|
6112 49 |
Башка текстиль материалдарынан машинада же колго токулган аялдар же кыздар үчүн сууга түшүүчү костюмдар |
|
6115 |
Машинада же колго токулган трикотаж колготкилер, байпактар, узун байпактар, байпактар жана подследниктер жана башка байпак буюмдары, анын ичинде бөлүштүрүлгөн басымы бар компрессиялык байпактар (мисалы, тамырдын варикоздук кеңейүүсүнөн жапа чеккендер үчүн байпак) жана таманы жок бут кийимдер |
|
6116 |
Машинада же колго токулган кол каптар, мээлейлер жана башы ачык мээлейлер |
|
6114 |
Машинада же колго токулган башка трикотаж кийимдер |
|
6117 10 000 0 |
Шалы, моюн орогуч, кашне, мантильялар, вуаль жана ушул сыяктуу машинада же колго токулган трикотаж буюмдар |
|
6117 80 100 9, 6117 80 800 9 |
Машинада же колго токулган трикотаж кийимге керектүү даяр башка буюмдар |
|
6117 80 800 1 |
Машинада же колго токулган галстуктар, көпөлөк галстуктар жана моюн орогучтар |
|
6207 |
Майкалар жана ички фуфайкалар, кальсондор, ич кийимдер, түнкү көйнөк, пижама, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ага окшош эркектер же балдар үчүн буюмдар |
|
6208 |
Майкалар жана кийилүүчү фуфайкалар, комбинациялар, ички юбкалар, ич кийимдер, панталондор, ич көйнөктөр, пижамалар, пеньюарлар, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ушул сыяктуу аялдар үчүн же кыздар үчүн буюмдар |
|
6209 |
Балдардын кийимдери жана балдардын кийимдерине керектүү буюмдар |
|
6211 11 000 0 |
Эркектер же балдар үчүн башка сууга түшүүчү костюмдар |
|
6211 12 000 0 |
Аялдар же кыздар үчүн башка сууга түшүүчү костюмдар |
|
6212 |
Бюстгальтерлер, курлар, корсеттер, шым тарткычтар, байлагычтар жана ушуга окшош машинада же колго токулган трикотаж эмес б |
