2026-жыл үчүн кыймылсыз мүлк салыгы боюнча айрым учурларда туум пул эсептелбейт
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
9 август

2026-жыл үчүн кыймылсыз мүлк салыгы боюнча айрым учурларда туум пул эсептелбейт

Кыргызстанда 2026-жыл үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер автоматтык түрдө түзүлүшүнүн натыйжасында карыз пайда болгон учурда туум пул эсептелбейт.

Мындай өзгөртүү Салык кодексине киргизилди.

Бул норма президент Садыр Жапаров 6-августта кол койгон салыктык өзгөртүүлөрдүн ири пакетине кирди.

Өзгөртүүлөр, анын ичинде салыктык башкарууда келип чыккан көйгөйлөрдү жана карама-каршылыктарды жоюуга багытталган.