Кыргызстанда бут кийим жана ич кийим өндүрүшү азайды
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–август айларында бут кийим жана ич кийим өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, сегиз айда ишканалар 1 млн 512,8 миң жуп бут кийим чыгарган. Бул 2025-жылдын январь–август айларындагы көрсөткүчтөн 28,4%га аз. Былтыр ушул мезгилде 2 млн 113,8 миң жуп бут кийим өндүрүлгөн.
Ич кийим өндүрүшү 30,3%га кыскарды. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 9 млн 764,6 миң даана ич кийим чыгарылса, былтыркы көрсөткүч 14 млн 14,2 миң даана болгон.
Ошол эле учурда август айында бут кийим өндүрүшү өстү. Бир айда 132,4 миң жуп бут кийим чыгарылып, бул былтыркы августка салыштырмалуу 37%га көп.
Жеңил өнөр жайдын айрым багыттарында тескерисинче өсүш катталды. Аялдар жана кыздар үчүн сырткы кийим өндүрүү 15,5%га, эркектер жана балдар үчүн сырткы кийим 11,2%га, кездеме өндүрүшү 33,4%га көбөйдү.
