Кытайдын экономикасы акыркы төрт жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү
Кытайдын экономикасы 2026-жылдын экинчи чейрегинде жылдык эсеп менен 4,3% өстү.
Бул 2022-жылдын төртүнчү чейрегинен берки эң төмөнкү өсүү көрсөткүчү болуп калды. Аналитиктер ички дүң продукттун (ИДП) 4,5% өсүшүн болжолдошкон.
Өсүштүн басаңдашына негизги себептердин бири инвестициялардын кыскарышы болду. Кыймылсыз мүлк тармагына салынган инвестициялар 18%, инфраструктурага 2,4%, өндүрүш тармагына 1,2% азайды.
Жылдын биринчи жарымында шаарлардагы жалпы инвестициялардын көлөмү, анын ичинде кыймылсыз мүлк жана инфраструктуралык долбоорлорго багытталган каражаттар 5,7% кыскарды.
Экономисттер мындай терс динамиканы Кытай менен АКШнын жана Евробиримдиктин ортосундагы соода жана саясий чыңалуу, энергия ресурстарын жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр, ошондой эле ички суроо-талаптын алсыздыгы менен байланыштырышууда.
Циньхуа университетинин экономика боюнча профессору Ли Даокуй инвестициялардын мындай деңгээлде кыскарышын болуп көрбөгөндөй көрүнүш деп атады.
