Кыргызстанда жалпы 156,6 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү
Кыргызстанда бүгүнкү күндө жалпы 156,6 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү, деп билдирет Айыл чарба министрлиги.
Маалыматка ылайык, учурда республиканын Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү уланууда.
Анын ичинен:
Буудай – 46,9 миң га себилип, жалпы пландын 45,6 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8 миң га көп себилди. Айрыкча Чүй облусунда буудай себүү иштеринин 90,5 % аткарылды.
Арпа – 92,5 миң га себилип, структурага ылайык жалпы пландын 38,3 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,5 миң га көбүрөөк себилди. Белгилей кетсек, 2025-жылы жаздык арпа себүү 241,3 миң га аянтта жүргүзүлөрү күтүлүүдө.
Жүгөрү – Жалал-Абад жана Ош облустарында себүү иштери башталып, учурда 8,3 миң га аянтка себилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 миң га көбүрөөк.
Картошка – республика боюнча 4,5 миң га аянтка отургузулуп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң га көбүрөөк отургузулду.
Жашылча-бакча өсүмдүктөрүн айдоо жумуштары Ош жана Жалал-Абад облустарында башталып, отчеттук мезгилге карата 4,0 миң га ашык жер айдалып отурат.
