МСК: Икамсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифин колдонуу тууралуу тастыктоо жол-жобосунан өтүшү керек
1 сентябрь

МСК: Икамсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифин колдонуу тууралуу тастыктоо жол-жобосунан өтүшү керек

Бул жол-жобону аткаруу үчүн "МСК менен кат алышуу" бөлүмүндөгү "Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн тарифти колдонуу жөнүндө тастыктоону (12,25%)" электрондук түрдө берүү керек.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жаңы ставкаларын киргизүүгө байланыштуу киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттун формасы жаңыртылды. Салык төлөөчүлөр отчетту STI-161_5 формасы боюнча август айынын отчеттук мезгилинен баштап тапшырышы керек.

Жаңы тарифтерди тастыктоо жана жаңыланган STI-161 формасын берүү кызматтары 2024-жылдын 2-сентябрынан баштап Салык төлөөчүнүн кабинетинде жеткиликтүү болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасында жумуш берүүчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары 17,25%дан 2,25%га чейин төмөндөтүлгөн.

Бирок, ишкердик субъекттери жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жаңы тарифи төмөнкүлөргө тиешелүү эмес:

– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;

– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казуу ишканалары;

– электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылууну (жабдуу) боюнча ишке ашырган уюмдар;

– алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону ишке ашырган ишкердик субъекттери, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жай көлөмүндө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);

– уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер;

– интернет-провайдерлер;

– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.