Эмгек министрлиги акы төлөнүүчү коомдук иштер программасын жакшыртуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизд
26-27-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) менен бирдикте Сокулук жана Аламүдүн райондорунда калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча "Коомдук акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу"мамлекеттик программасын өркүндөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүгө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл округдарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө пилоттук долбоордун максаттары жана милдеттери тааныштырылып, программанын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланып, бардык тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги аныкталды. Катышуучулар ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдарын талкуулап, тиешелүү тапшырмаларды алышты.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 168 буйругу менен Аламүдүн, Сокулук, Өзгөн райондорунда жана Ош шаарында активдүү социалдык колдоонун, анын ичинде акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды, кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле эмгек чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатууну өркүндөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирүүдө. Долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
