Эми салык төлөөчүнүн кабинетинде жаңы каттоо документтери жеткиликтүү
28 март

Эми салык төлөөчүнүн кабинетинде жаңы каттоо документтери жеткиликтүү

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинетинде STI-024 жана STI-025 формасындагы каттоо документтери жеткиликтүү экендигин билдирет.

Алар каттоо маалыматтарын жана катталган салыктар боюнча маалыматтарды камтыйт.

Эми бул документтерди алуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок — салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Сервистер" бөлүмүнө кирип, "Жеке маалыматтарды" тандоо жетиштүү. Бул убакытты үнөмдөп, керектүү маалыматты алууну жеңилдетет.