
Кыргызстан менен Бахрейн түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады
Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Бахрейн Падышалыгынын элчиси Мохаммед Гассан Мохамед Аднан Шайхо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда тараптар өз ара кароодо турган документтердин статусун, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн динамикасын талкуулашып, анын ачыла элек потенциалын белгилешти.
Туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Министрдин орун басары Элчини Кыргызстанда пландалып жаткан инвестициялык форумдар тууралуу маалымдап, Бахрейн Падышалыгынын өкүлдөрүн аларга катышууга чакырды.
Ошондой эле инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүүнүн биргелешкен фондун түзүү перспективалары талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрү, айрыкча соода-өнөр жай палаталары аркылуу тыгыз кызматташтыкты орнотуу жөнүндө келишимге жетишишти.