Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
12 сентябрь

Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун эки тараптуу жолугушуусу болду.

“Кыргыз-орус мамилелери абдан жогорку деңгээлде экенин белгилеп кетүү жагымдуу. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын олуттуу активдешүүсү байкалууда. Бүгүнкү форумда айтылган сөздөр жана көрсөткүчтөр буга далил. Мындан эки ай мурда Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиябыздын 25-жыйыны ийгиликтүү өттү. Кыргыз-орус аймактар аралык 11-конференция да жакшы жыйынтыктарды берди”, — деди Акылбек Жапаров.

Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук өз кезегинде кыргыз-орус мамилелери жакшы маанайда өнүгүп жатканын белгилеп, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын жана умтулаарын кошумчалады. 

Тараптар ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, мындан тышкары кеңири чөйрөдөгү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.