Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлордун портфелине сереп жүргүзүлдү
19 август

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлордун портфелине сереп жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2026-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен каржыланып жаткан долбоорлордун портфелине сереп жүргүзүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруучу бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө АӨБдүн каражаттарынын эсебинен каржыланып жаткан долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле аларды ишке ашыруу процессинде жаралган негизги маселелер жана көйгөйлөр каралды. Өзгөчө көңүл каражаттарды өз убагында өздөштүрүүгө, долбоорлорду натыйжалуу башкарууга, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана ишке ашырылып жаткан демилгелердин социалдык-экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга бурулду.

Долбоорлордун портфелине үзгүлтүксүз сереп жүргүзүү мамлекеттик инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат. Бул иштин алкагында келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, зарыл чараларды белгилөөгө жана эл аралык финансылык институттардын каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет

. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында мындан ары да тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендигин билдиришти.