Кыргызстан 700 млн сомдук эки жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырат
2026-жылдын 16-октябрында Кыргызстанда жүгүртүү мөөнөтү эки жыл болгон 700 млн сомдук мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Биржанын маалыматына ылайык, 28-сентябрдан 2-октябрга чейинки мезгилде соодалардын жалпы көлөмү 2,68 млрд сомду түзүп, 173 бүтүм катталган.
Соодалардын негизги бөлүгүн корпоративдик баалуу кагаздар түзүп, жалпы көлөмдүн 99,2%ын камсыздаган. Ал эми мамлекеттик баалуу кагаздардын үлүшү 0,8%ды түзгөн.
Алгачкы рынокто 119 бүтүм жасалып, алардын жалпы суммасы 2,66 млрд сомго жеткен. Анын ичинде «Кыргызнефтегаз» ААКнын акциялары 567,68 млн сомго, ал эми «Каинды Кант» ААКнын, «Дос-Кредобанк» ААКнын жана «МФК ИнвесКор СА» ААКнын облигациялары жалпысынан 2,09 млрд сомго сатылган.
Экинчи рынокто 3,69 млн сомдук 52 бүтүм катталган. Анда «Кыргызнефтегаз», «Кыргызстандын аэропорттору», «Мбанк», «Ашар Инвест» жана Бишкек машина куруу заводунун акциялары сатылган.
КФБнын расмий тизмесинде 36 компаниянын баалуу кагаздары бар. 25-сентябрга карата биржанын капиталдаштыруу көлөмү 284,08 млрд сомду, ал эми КФБнын индекси 8152,14 пунктту түзгөн.
