Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарабын экспорттоду
28 октябрь

Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарабын экспорттоду

Кыргызстандык компания өз продукциясын Кытайга экспорттоону көбөйтө баштаганын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын "Аталык групп" компаниясы Кытай тарап менен КЭРдин аймагына спирт ичимдиктерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Тандоо "Кагор Черные глаза" шарабына туура келген. Анткени ал ичимдиктин ширин келип, спирттин өлчөмү бираз жогорураак экендиги белгиленген.

Жакында КЭРдин аймагына Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө "Черные глаза" Торугарт өткөрмө бекети аркылуу жөнөтүлдү.