Адал индустрия жаатындагы ченемдерди өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты
Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоору адал индустрия жаатындагы ченемдерди белгилөө жана өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева ветеринария тармагындагы адистерди даярдоо, аларды ветеринардык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан кесиптерге окутууга кызыктыруу маселесин көтөрдү.
Ал эми эл өкүлү Кубанычбек Самаков өлкөдөгү эпизоотиялык абалдын начарлашына тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарды алдын алуу иш-чараларына жана үй жаныбарларын өз убагында эмдөөгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Депутат Улугбек Ормонов агрардык сектор өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, ветеринардык дары-дармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.
