Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 140,3 млн сомго 82 долбоор каржыланды
28 октябрь

Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 140,3 млн сомго 82 долбоор каржыланды

Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 140,3 млн сом суммасында 82 долбоор каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • Сузак району 7 объектисине 18,3 млн сом;
  • Чаткал району 3 объектисине 3,5 млн сом;
  • Аксы району 13 объектисине 23,2 млн сом;
  • Тогуз-Торо району 11 объектисине 12,4 млн сом;
  • Токтогул району 10 объектисине 10,7 млн сом;
  • Ала-Бука району объектисине 20,0 млн сом;
  • Ноокен району 10 объектисине 19,8 млн сом;
  • Базар-Коргон району 4 объектисине 8,6 млн сом;
  • Жалал-Абад шаары 11 объектисине 16,0 млн сом;
  • Таш-Көмүр шаары 1 объектисине 0,8 млн сом;
  • Майлуу-Суу шаары 3 объектисине 7,0 млн сом;

Анын ичинен:

  • 18 мектепке – 27,4 млн сом;
  • 3 саламаттыкты сактоо мекемесине - 4,2 млн сом;
  • 40 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине - 75,9 млн сом;
  • 10 маданий маанидеги объектиге – 16,4 млн сом;
  • 7 бала бакчага – 8,5 млн сом;
  • 4 спорттук курулуштар – 7,9 млн сом.