Кыргызстанда кезектеги Глобалдык акча жумалыгы башталды
8 апрель

Кыргызстанда кезектеги Глобалдык акча жумалыгы башталды

Кыргызстанда 8-апрелден финансылык сабаттуулук боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы кампаниясы «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» деген ураан менен башталды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын актуалдуулугу жаштарга финансылык инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды издөөдө жана маалымат мейкиндигинде болууга жардам берүү зарылдыгы менен шартталган. 

8-апрелден 15-апрелге чейинки глобалдуу акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ар кандай иш-чаралар: ачык сабактар жана окутуучу семинарлар/лекциялар, коммерциялык банктарда ачык эшиктер күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюндар/сынактар жана викториналар өткөрүлөт.

Иш-чаралардын жүрүшүндө финансылык коопсуздук, акчаны башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана туура финансылык чечим кабыл алуу боюнча маалыматтар берилет.


Маалымат үчүн:

Глобалдык акча жумалыгы (англис тилинде Global Money Week (GMW)) – 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – балдар жана жаштар келечектеги финансылык жыргалчылыгына жана туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү акыл ченемдүү финансылык чечимдерди кабыл алуусу үчүн, аларга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү жана сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Кыргызстанда глобалдык акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, кампанияны өткөрүүнүн координатору катары Улуттук банк иш алып барат.