Түрк өлкөлөрү 1 миллиард доллар уставдык капиталы менен фонд түзүштү
16 октябрь

Түрк өлкөлөрү 1 миллиард доллар уставдык капиталы менен фонд түзүштү

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Стамбулда өткөн Дүйнөлүк Соода-өнөр жай палаталары форумунун алкагында түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын жыйынына катышты.

Талкуу учурунда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар каралды. Ошондой эле өз ишин баштаган Түрк инвестициялык фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди.

Фонддун негизги максаты түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана коммерциялык байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 1 миллиард долларды түзөт. Январь айынан баштап фонд ири биргелешкен долбоорлорду каржылоого киришет.